Кыргызстанда жалпысынан 130 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Бүгүнкү катталган 14 жаңы учурлар: Жалал-Абад облусунда – 5, Жалал-Абад шаарында – 2, Чүй облусунда – 1, Бишкек шаарында – 6 адам катталан. Таажывирусун жуктуруп алган 14 адамдын 4сү сырттан келген, ал эми калган 10у Кыргызстанда сырттан келген оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан.
Таажывирусу аныкталган 130 бейтап төмөндөгү аймактардан аныкталган:
– Жалал-Абад облусу – 61,
– Ош облусу – 30,
– Чүй облусу – 6,
– Баткен облусу – 3,
– Ош шаары – 10,
– Бишкек шаары – 14,
– Нарын облусу – 4,
– Ысык-Көл облусу – 2.
130 адамдын ичинен 72си аялдар, 58и эркектер.
Белгилей кетсек, бүгүн, 3-апрель саат 9:00дө 9 жаңы учур катталган, 1 сааттан кийин эле (10:00дө) дагы 5 адамдан таажывирусу тастыкталып, республика боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 130га жеткен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ