Кыргызстан боюнча обсервацияда 1900 адам жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
1900 адамдын ичинен: Бишкек шаарында – 403, Чүй облусунда – 173, Ош шаарында – 56, Ош облусунда – 263, Жалал-Абад облусунда – 189, Баткен облусунда – 584, Нарын облусунда – 108, Талас облусунда – 24 жана Ысык-Көл облусунда – 100 адам обсервация жайларында жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 130 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен 4 бейтаптын абалы оор, жандандыруу бөлүмдөрүндө жатышат. Илдеттен 5 адам айгып, 1 киши каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ