Ноокат районунда таажывирус илдетинин кесепетинен каза болгон адамдын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Маалыматка караганда, маркумдун жаназасына жана жерге берилүүсүнө жакындары катыша алышкан эмес.
“Маркумдун жаназасы көрүстөндө окулду. Сөөк коюуга 5, 6 эле адам катышты. Бул азыркы кырдаалга байланыштуу болууда. Эпидемия учурунда адамды акыркы сапарга узатууда дарыгерлердин атайын эрежеси бар”, – деди комендант Малик Нурдинов.
Эскерте кетсек, таажывирус илдетинин кесепетинен Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ