Menu

Россияда бир сутка ичинде 601 адамдан таажывирусу аныкталып, өлкө боюнча 4149 киши илдетке чалдыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-апрелде Россияда 601 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдиргенин россиялык ММКлар жазып чыкты.

Жаңы катталган учурлар: Москвада – 448, Москва облусунда – 34, Краснодар аймагында – 17, Пенза облусунда – 11, ЯНАО округунда – 10, Ленинград облусунда – 10, Санкт-Петербургда – 9, Ханты-Манси автономдуу округунда – 8, Татарстанда – 6, Калмыкияда – 5, Тюмень облусунда – 5, Саратов облусунда – 4, Липецк, Астрахань, Киров облустарында жана Еврей Автономиялуу районунда – 3 учурдан, Брянск, Иваново, Челябинск облустарында, Чеченстан, Крым, Приморск аймагында – 2 учурдан, Курск, Рязань, Тверь, Архангельск, Свердловск, Иркутск облустарында, Пермь жана Хабаровск аймактарында, Ингушетия жана Бурятия – 1 учурдан катталган.

Ошентип, Россияда жалпысынан 4149 адам таажывирусун жуктуруп алган.

Бир сутканын ичинде таажывирусунан улам 4 бейтап каза болгон. Каза болгондордун жалпы саны 34кө жетти. Сутка ичинде 46 адам айыгып, жалпысынан 281 киши ооруканадан чыгарылган.

Ошол эле учурда, Роспотребнадзор билдиргендей, 210,2 миң адам медициналык көзөмөлдө, 575 миңден ашык адам таажывируска текшерилген.

Кечээ, 2-апрелде Владимир Путин россиялыктарга кайрылып, ишсиз күндөр 30-апрелге чейин уланарын, бирок айлык маяналары сакталарын убадалаган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: