Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эркек киши 31 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Чүй ОИИБНын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 29-март күнү милициянын бөлүмүнө 31 жаштагы А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 28-мартта болжол менен саат 19:00 чамасында Ысык-Ата районундагы айылдарынын биринде Н. аттуу киши аны унаада зордуктоого аракет кылган айтып, ага карата чара көрүүнү суранган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 33 жаштагы Б.Н. аттуу жаран аныкталып, райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.
Белгилүү болгондой, шектүүдө айыл өкмөтү тарабынан берилген атайын уруксат кагазы бар болгон. Ал уруксат кагазы унаа менен күнү-түнү тоскоолдуксуз жүрүүгө мүмкүндүк берген.
Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу А. А. эч кимге арызы же даттануусу жок болгондуктан, процессти токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылган. Буга байланыштуу териштирүү иштери токтотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ