Menu

Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад областындагы өзгөчө абал киргизилген аймактагы посттордон кабар алды

Бөлүшүү:

Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад областынын өзгөчө абал киргизилген аймактардагы посторунан кабар алды. Ал областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов менен биргеликте Сузак районундагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга жугуштуу илдет оору тарап кетпешин алдын алууга байланыштуу коюлган атайын блок посттордо кызмат өтөгөн тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жолугуп, ал жерде жаралган жагдайлар, элдин арыздары жана сунуштары менен таанышып чыкты. Бул тууралу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунунун комендатурасынын басма сөз кызматы билдирет.
Министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков посттордо пайда болгон көйгөйлүү маселелер жана аныкталган кемчиликтер боюнча жеринде чечип, ошондой эле кызматкерлердин өз деңгээлинде кызмат өтөөсү үчүн жеңилдиктерди карап шарттарды түзүп берүүгө жетише алды.
Ошол менен катар кызматкерлерди берилген тапшырманы так аткарып, эл арасында жаралган маселени түшүнүү менен кабыл алып, алгач ден соолугуна байланыштуу ооруканага бара жаткан жарандарды, азык-түлүк менен камсыздап жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрүп, ал эми медицина кызматкерлерине сырттан келген атуулдарды текшерүү менен катар тиешелүү дезинфекция иштерин жүргүзүү керектигин жана мыйзамдуулук менен иш алып барып, элдерге сылык мамиледе кырдаалды туура түшүндүрүү зарылдыгын белгилеп, өздөрүн дагы жугуштуу оорунун алдын алууга чакырды.
Ал жергиликтүу тургундарга – “Ички иштер органдарынын шартка байланыштуу коомдук тиртипти сактоо максатындагы мыйзамдуу талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алып, аны аткаруу керек, коомдук тартипти сактоо иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жаткандыктан жоопкерчиликтүү мамиле кылалы, коомдук тартипти бузууга жол бербейли. Биз үчүн эң маанилүү байлыгыбыз болгон – ар бир жараныбыздын ден-соолугу жана өмүрү кымбат, ошол себептүү ар бир кызматкер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун суранамын жана талап кыламын”, – деди Сүйүн Өмүрзаков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: