Menu

Мамбетжунус Абылов, экс-министр: “Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдерден айрымаланып, Жээнбеков өзү каалаган конституцияны референдум аркылуу элге таңуулап жаткан жок”

Бөлүшүү:

Мамлекеттик башкарууну эл өзү тандасын деген максатта, Жогорку Кеңештин депутаты К. Т. Зулушев 4- октябрьда референдум өткөрүү  боюнча  мыйзам долбоорун сунуш кылды. Муну колдоо керек. Себеби биз бир да жолу элибиздин өзүнө  мамлекетти башкаруу системасын тандаткан эмеспиз. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевтар өздөрү гана каалаган башкаруу системаларын элге таңуулап, алар өлкөнү парламенттикке,  парламентти болсо «чимкирикке»  айлантып салышканын баарыбыз билебиз. Де-юре бүгүн бийлик парламентте болгону менен, де-факто андай эмес. Мамлекеттик  башкарууну парламентке, же Президентке оодарыш зарылчылык ошондуктан жаралды.
Кайсы бийлик бутагына жоопкерчиликти эл жүктөсө, бийлик ошол бутакка толук кандуу өтүшү керек. Ушу түшүнүк биздин аң сезимибизге сиңиш керек. Мисалы, биздин эл референдумда Президенттик башарууну тандаса, анда өкмөттүн курамын толугу менен Президент түзүш керек. Эгер эл Парламенттик башкарууну тандаса, анда күч органдарынан сырткары өкмөттүн курамын  толугу менен парламент түзүп, Президент мамлекеттин башчысы катары протоколдук иштерди гана аткарып калышы керек.  К. Зулушев сунуштаган мыйзам долбоорунун экинчи беренесинде бул маселелер такталбагандыктан, элде чочулоо бар.  Эмне үчүн?  Референдумда эл тандаган башкаруу системасын бийлик өкүлдөрү кемтиктеп койушуна К. Зулушевтин сунушу тоскоол боло албайт. Себеби референдумдун негизинде кабыл алына турган жаңы  конституциянын тагдыры барып, барып эле бийлик өкүлдөрүнүн колуна түшөт. Мисалы,  конституциянын долбоорун алар даярдашат, парламентте  аны алардын өздөрү  талкуулап, өздөрү кабыл алышат. Мындай учурда  бийлик өкүлдөрү бүгүнкүдөй эле өкмөттүн курамын экиге бөлүп алып, бүгүнкүдөй эле алар өкмөттүн мойнуна минип алышы мүмкүн.  Буга жол бербеш үчүн К. Зулушевтин мыйзам долбоорунун экинчи беренесине төмөндөгү толуктоонуу киргизиш керек.
2-берене
Кандай мамлекеттик башкаруу бийлигине макулсуз?
Парламенттикпи                                                                ооба                                  жок
(Парламент Өкмөт курамын түзөт)   

Президенттикпи                                                                 ооба                                   жок
(Президент Өкмөт курамын түзөт)
Мындан сырткары, Президент өзү башында турган биздин өлкөдө Конституциялык Кеңешме түзүлүп, анын курамына бийлик өкүлдөрүнөн сырткары, тажрыйбалуу мамлекеттик, коомдук ишмерлер кирип, алар референдумдун жыйынтыгын так чагылдырган конституциянын долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгышы керек. Ушу маселелерди ишке ашыруунун зарылчылыгын туюп,  Элдик Курултайдын Аткаруу Комитети  өз учурунда төмөнкү иштерди жасаган.
Биринчи.
Конституциялык Кеңешме түзүү боюнча Элдик Курултайдын атайын кабыл алган сунушун 2018 – жылдын этегинде эле Президенттик администрацияга тапшырган.
Экинчи.
Биздин өлкөдө мамлекеттик башкаруу системасын референдум жолу менен такташ үчүн Элдик Курултайдын Аткаруу Комитети 2019-жылы атайын мыйзам долбоорун даярдап, аталган мыйзамды Адилет министирлигинин каттоосунан өткөрүп,  аны «Жаңы Ордо» газетасына жарыялагандан кийин, референдум өткөрүү боюнча  10 минден ашык шайлачулардын колун топтоого Адилет министирлигинен уруксат алган.
Үчүнчү.
Кыргызстандын баардык аймактарынан 12700 шайлочунун колу койулган документтерди тиркеп, ал документтерди Жогорку Кеңештин текшерүүсүнө  2019 – жылдын этегинде тапшырган. Биз топтогон колдордун 8 миңин гана Жогорку Кеңеш жарактуу деп таанып, референдум өткөрүү боюнча   биздин мыйзамды артка кайтарып, анан ошол эле замат, биз көтөргөн меселени Жогорку Кеңеш өзүнүн   депутаты К. Зулушевтин демилгеси катары элге чыгарды. Буга биз тээриккен жокпуз,  сүйүндүк, себеби биздин маселени ишке ашыруу милдети эми Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги болуп калды.  Ошондуктан К. Зулушевтин сунушуна мен чын  пейлимден эле пикир кошумчалап жатам.
Тилекке каршы, К. Зулушевтин ушул сунушу биздин өлкөнүн Президенти С. Жээнбековтун таза дарегине  аз да болсо көлөкө түшүрүп койду. Себеби бул сунуштун  элге, өлкөгө маанилүү  экенин   чалаарак  баамдаган инсандар, муну С. Жээнбековтун эле өлкөдө Президентик башкаруу системасын орнотууга жасаган биринчи кадамы катары баалап чыгышты. Анткени «чимкирик» атка конгон депутаттарды, бийлик түрткүлсө гана кыймылдайт деп  биздин өлкөдө элдер эсептеп калышыптыр.  Эгер Жогорку  Кеңеш бизге бут тозбой, биздин демилгени колдоп койгондо, Президенттин дарегине минтип  көлөкө түшмөк  эмес.
Мамлекеттик башкарууну эл өзү тандасын деп референдум өткөрүү  боюнча 12700 шайлоочунун колун топтоону уюштурган инсан катары, мен бул референдумдун  кош колдоп колдойм. Себеби Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевтерден айрымаланып, биздин Президентибиз С. Жээнбеков референдумга  өзү каалаган конституцияны алып чыкан да жок, аны элге таңуулаган да жок.   Бул референдум конституцияны кабыл алуу үчүн эмес, эл өзү башкаруу системасын тандап алсын деп  өтө турган референдум. Муну ишке ашырсак, биздин өлкөдө өкүм сүргөн  «Лебедь, щука и рак»  деген кырдаал жойулуп, жашообуздун оңолушуна шарт түзүлөт.
Мамбетжунус Абылов,
Мамлекеттик жана коммдук ишмер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: