Menu

Таш-Мойнок айылында топтошкон балдар Бишкектин эки тургунун эч себепсиз эле мыкаачылык менен сабашкан

Бөлүшүү:

28-март күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылында Бишкектин эки тургуну мыкаачылык менен сабалган. Бирок милиция алар жазган арызды кабыл албай койгон. Бул тууралуу журналисттерге  азыр ооруканада жатышкан жабырлануучулар Кубаныч Амангелдиев жана Рашид Рустамов билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучулар сантехник болуп иштешет. Алар Таш-Мойнок айылындагы «Победа» дачасына ичүүчү суу түтүктөрүн орнотуп жатышкан. Ал жерде бир нече күн иштеп, жумушту аяктоого аз гана убакыт калган.

“28-мартта мен, Рашид жана Азамат аттуу дагы бир жардамчыбыз болуп дачада калууну чечтик. Бишкекке кайталык десек коменданттык саат башталып калган болчу. Тургундар бизге кароолчунун үйүндө түнөгөнгө жай таап беришти”, – деди Амангелдиев.

Ал түн жарымына жакындаганда, алар уктап жаткан үйгө эки адам кирип келип, эч нерсе түшүндүрбөй эле, кол салышканын баса белгиледи.

“Бизди көчөгө сүйрөп чыгышты. Ал жакта жаш балдар чогулуп турушуптур, андан кийин жүргүнчү ташыган кичиавтобустан дагы балдар чыгып келишти. Алар дагы тигилерге кошулуп, эч нерсе айтпай эле бизге кол сала башташты. Биз качып кеткенге аракет кылдык. Рашид байке ошол жерде калып, мен арыкка жашынып алдым, бирок алар мени таап алышып сабашты, ал эми Азамат качып кеткенге үлгүрүп калды. Кийинчерээк ал кайра бизге кайтып келип, тез жардамды чакырды. “Тез жардам” келип бизди Чүй облустук ооруканасына алып кетишти”, – деп түшүндүрдү жабырлануучу.

Жабырлануучулар кошумчалагандай, ооруканадан алар “102” кызматына – милицияга телефон чалышкан, алардын катуу сабалгандыгына карабай милиция кызматкерлери жабырлануучуларды милицияга келип, өзүдөрү арыз жазуусу керектигин айтышкан. Бирок кабыргасы сынган, бөйрөгү эзилген, сийдигинен кан кетип жаткан балдар ооруканага бара алышкан эмес.

“Биз милицияга бир нече жолу телефон чалдык, бирок тергөөчү менен участкалык милиционерлер бизди бири-бирине түртүп жатышат. Алар биз арыз жазмайынча эч нерсе кыла албайбыз деп жатышат. Бирок биз тура албай жатсак кантип Аламүдүн РИИБине барып арыз жазмак элек. Биз 6 күндөн бери ооруканада жатабыз, милиция кызматкерлеринен бирөө келип, сурак кылган жок”, – дейт жабырлануучулар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: