Menu

Роза Отунбаева Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаеванын кескин сынынан кийин медициналык кызматкерлерди колдоого 1 млн сом бөлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-апрелде Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева өзүнүн пенсия топтомунан 1 миллион сомду коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине которуп бермей болду. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева билдирди.

«Өз өмүрүн тобокелге салып, башкалардын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан алдыңкы линиядагы дарыгерлерди колдош үчүн которуп жатат. Экс-президент өзүнүн кадыр-баркы менен башка өлкөлөрдөн экспресс-тесттерди тез алып келүү боюнча иш жүргүзүп жаткан. Бирок, аны тез чечүүдө авиакаттамдардын токтотулушу, мамлекет аралык расмий келишимдин зарылдыгы сыяктуу маселелер чыккандыктан, каражатты дарыгерлерди колдоого которуп жатат. Кыргызстанда Роза Отунбаевадан да көп пенсия алгандар бар, ошолор да экс-президенттин жолун улайт деп ойлойм».

Кендирбаеванын айтымында, «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунда иштеген башка пенсионерлер да бир айлык акчасын которуп жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Нарындык Апрель баатыры Бактыгүл 1-апрель күнү Жумабаева Роза Отунбаеваны кескин сынга алып, аны таажывируска каршы күрөшүп жаткан медициналык кызматкерлерди колдоого чакырып, уяткарган эле.

Бактыгүл Жумабаеванын 1-апрелде Роза Отунбаеванын дарегине айткан сын пикирин бул шилтемеден окусаңыздар болот:

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Роза Отунбаева өтө битир аял экен, гейлерге жардам бергендей Нарындын медик аялдарына да жардам берип койсо өлүп калабы?”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: