Өзгөчө кырдаал учурунда жарандарды колдоо максатында, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы керектүү товарларды: тамак-аш, дары-дармек, турмуш-тиричилик буюмдарын жеткирүү боюнча кызматтарды көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
“Бүгүнкү күндө “Фрунзе” гипермаркети, “Неман-Фарм” ЖЧКнын дарыкана тармагы жана “Панацея”, Sierra Coffee кофе түйүнү, Uno.kg интернет-дүкөнү ж.б. менен өнөктөштүк бар. Буйрутмаңызды өнөктөштөр аркылуу тапшырсаңыз болот. Жеткирүүнүн баасы 120 сомдон 200 сомго чейин” – деп айтылат маалыматта.
Курьердик кызмат саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Юридикалык жактар үчүн курьердик кызмат менен өнөктөштүк үчүн байланыштар: 0(312) 300 809, мобильный (w/a) +996 550 771 170 .
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ