Menu

Новосибирскинин “Толмачево” аэропортунда 10 күндөн бери учалбай жаткан 132 кыргыз жараны үчүн чартердик рейс уюштурулуп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-апрелде Кыргызстандын Новосибирскидеги башкы консулдугу, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Сибирь федералдык округундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Новосибирсктин “Толмачево” эл аралык аэропортунда учуп кетүүнү күтүп жаткан 132 кыргызстандыкты жайгаштыруу маселеси чечишти. Алар жакынкы убакытта чартердик каттамды уюштурганга чейин Новосибирск шаарынын мейманканаларында жайгаштырылган.
Жашагандыгы жана азык-түлүктөр катары тамактанууну төлөө Кыргызстандагы Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун Миссиясы тарабынан ишке ашырылды. Өз кезегинде, Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасы транспорт жана ысык тамак менен камсыз кылууга көмөк көрсөттү.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 31-мартынан саат 20.00дөн тартып Новосибирск облусунун аймагында өзүн-өзү изоляцияга алуу тартиби киргизилип, белгилүү категориядан башкасын кошпогондо, жарандардын жүрүшүнө жана уюмдардын ишине тыюу салынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: