Бишкекте 4-кабаттагы батирдин терезесинен аял киши кулап кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде окуяга күбө болгондор журналисттерге билдирди.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн 5-кичи районунда саат кечки жетилер чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен аял жаракат алган.
Андан кийин Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат милиция бөлүмүнө алтылар чамасында түшкөнүн билдирди. Окуя болгон жерге ыкчам тобу барып, жабырлануучунун өздүгү аныкталган. Ал 1985-жылы туулган У.М. аттуу жаран экени тастыкталган.
Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип аялды ооруканага алып кеткен. Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучу мас абалда болгон.
Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иш чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ