Бүгүн, 3-апрель күнү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) Борбордук Азиядагы Саламаттыкты сактоо жана билим берүү башкармалыгынын директору Джошуа Карнс COVID-19 боюнча брифинг учурунда Кыргыз өкмөтүнүн таажывируска каршы күрөшүү боюнча жасалып жаткан ишин жогору баалады.
“Кыргыз өкмөтү үлгү болуп саналарын айтат элем. Алар донорлор жана коомчулук менен ачык иштешет. Таажывирус тууралуу акыркы маалыматка жетүү мүмкүн болбогондо иштөө кыйын экендигин түшүнөм, бирок министрлер кабинети бул үчүн бардыгын жасайт” – деп билдирди ал.
Джошуа Крэнс ошондой эле Орто Азиядагы COVID-19 пандемиясынын качан чокусуна жеткенин так айтуу кыйын экендигин белгиледи.
Кыргызстанда жалпысынан 130 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен 6 адам сакайып, 1 каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ