Menu

Видео – Адилет Айтикеев: “Кыргыз элинин ырыскысын – баасы $5 млрд Жер үй алтын кенин ит бекер $100 миллионго эле сатып, талап-тоношкон Атамбаев, Темир Сариев, Бабановду Манастын арбагы урсун! Кудай урсун!”

Бөлүшүү:

“Бүгүн интернеттен Кыргызстандагы жаңылыктарды карап олтурсам Таластагы Жер үй алтын кенин иштеткен “Альянс-Алтын” компаниясынын өкүлдөрү Талас облусундагы таажывирус карантиндик кызматындагыларга, милицияга жана башка мамлекеттик кызматкерлерге биртке костюмдарды таратып коюп, ошого мактанып, өз чөнтөктөрүнөн таратып жаткансып мактанышып, мына, биз баарына таратып жатабыз дегендей мактанышып, чыгып жатышат. Буларда бет деген жок!”, – деп билдирди бүгүн, 3-апрелде эмиграциядагы журналист Адилет Айтикеев.

“Убагында ошол Жер үй алтын кени ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен жана мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кийлигишүүсү менен “ит бекер” баага сатылып кеткен. Кыргызстанга 5 миллиард доллар каражат таап бере турган Жер үй алтын кени 100 миллион долларга сатылып, анан анын акчасы жарым-жартылай Таластын чоңдору аркылуу бир бөлүгү жеп-ичилип, калган бөлүгү жанагы спорт аянтчалары курулуп, калган-катканына эски-уску техникаларды алып берип, көз жаздым кылып, Таластын ууру чоңдору кошо уурдашып, кылымдардан кылымдар бою элибиздин маңдайына жазылып, элибиздин бешенесине бүткөн жалгыз байлыгы болсо ошону алып туруп булар “ит бекер” арзан сатып алышкан. Эми бүгүн болсо беш-алты, балким он чакты костюм таратканына мактанып, он, балким жыйырма чакты костюм таркатып, Таласты коронавирустан биз сактап калдык дегенсип, ошол “Альянс-Алтын” компаниясынын өкүлдөрү уялбай мактанып жатышат. Ошол компаниянын жетекчилеринин бети жок! Чиновниктер тиги преес-кызматынын кызматкерлерин жумшап коюп, артында туруп, анан өз чөнтөгүнөн алып бергенсип, өзүнүн айлыгын которуп бергенсип мактанган ары жокторду көрүп алып, мен ушунчалык намыстандым. Анткени менин ата тегим ошол Шумкар-Уя айылынан болот. Ошол жерде менин аталарымыдын сөөгү жатат. Ошол Сандык деген тоо бар, ошол Жер үй алтын кени жаткан тоо. Сандык тоосунун этегинде менин аталарымдын кабырлары бар. Ошондуктан Жер үй алтын кени боюнча жасалып кылмыштар менин көкүрөгүмө тынчтык бербейт. Канчалаган кылымдар бою ата-бабаларыбыз сактап келген байлыкты Атамбаевге окшогон, Сариевге окшогон, Кенекеевге окшогон, Бабановго окшогон, Мураталиевге окшогондор ичип-жеп, тоноп, кыргыз элинин жападан жалгыз маңдайына бүткөн ырыскысын талкалап, Талас элинин маңдайына бүткөн ырыскысын талап-тоноп, анан бүгүн 5-6 костюм таратып алып мактанып жатышат. Бетиңер жок силердин! Бекмолдо айылынын эли колунан келишинче коргошту. Шейшенов Серен байке өтө катуу, оор абалда турганына карабай болушунча күрөштү. Зоотбек Токтогазиев агабыз, Арал айылынан бир байке бар эле, мына ушундай байкелер “Жер үй алтын кени ачылбасын” деп күрөшүп жүрүп, көздөрү өтүп кетишти. Шейшенов Серен байке Жер үй кени мындай кыргызга каршы келишим менен ачылбасын деп жүрүп карыды, 60ка чыкты. Келечекте бул Жер үй алтын кенинин сатылышы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан териштирилип, аягына чыгарылып, күнөөлүүлөр жазасын алып, камалыш керек. Кыргыздын чиновниктери, Кенекеев, Мураталиев силер Талас элинин чыккынчысысыңар! Кыргыздын ырыскысын кайдагы бир Россиянын “Востокгелогодобыча” деген ишканасына коррупциялык жол менен сатып, майкандадыңар. Силердин бетиңер жок! Силерди Манастын арбагы урсун! Кудай урсун силерди! Кудай буйруса силер жазаңарды аласыңар сөзсүз! Прокуратура жана соттор тарабынан же УКМК, Финпол, ИИМ тарабынанбы текшерүү болуп, териштирип, акыры силерге жазаңарды колуңарга берет. Мына азыр Атамбаев түрмөдө олтурат. Ушул сыяктуу силер да сөзсүз жазаңарды аласыңар. Силерди элдин каргышы, элдин наалаты, жергиликтүү элдин нааразычылыгы уктатпайт силерди. Түбүңөргө ушул ач көздүгүңөр, уурулугуңар, эки жүздүүлүгүңөр жетет! Кудай буйруса Манастын арбагы урат силерди! Кудай таалам өзү жазалайт силерди”, – деди Адилет Айтикеев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: