Дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан улам маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин алкагында жеке сектордун катышуусу менен курамына ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирген атайын ыкчам IT-штаб түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы (МТБМК) Дастан Догоев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
IT-штабдын эң негизги максаты – республикалык штабга тиешелүү багыттар боюнча колдоо жана жардам көрсөтүү болуп эсептелет.
“Бул багытта биз 2 жуманын ичинде бир нече санариптик ыкмаларды ишке киргиздик. Анын ичинде атайын интернет сайт – www.covid.gov.kg. Ал жерде таажывируска байланыштуу маалыматтар жайгашкан. Аны менен бирге жарандарга маалымат алуу үчүн чат-боттор жана башка платформалар кирди. Ошондой эле жарандар өзүн-өзү диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген атайын сайт – hidoctor.kg ишке кирди. Азыркы убакта биздин жарандарыбыз аны активдүү колдонууда” – деп билдирди Дастан Догоев.
“Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте, Бишкек шаарында транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системасы ишке киргизилди – 1312.tunduk.kg. 10259 электрондук арыз түшкөн, анын ичинен 413үнө уруксат кагаздары берилген, ал эми 7901 арыздын ээлерине комендатура уруксат кагаздарын берүүнү баш тарткан. Учурда 1940 электрондук форматта түшкөн арыздар каралып жатат” – деп кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ