Menu

Дастан Догоев: “Бүгүнкү күндө “Санарип аймак” системасы 8 айыл өкмөтүнө пилоттук режимде киргизилген”

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө “Санарип аймак” 8 айыл өкмөтүнө пилоттук режимде киргизилген. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы (МТБМК) Дастан Догоев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.

Президенттин жарлыгына ылайык, региондорду өнүктүрүү багытында атайын “Санарип аймак” системасы иштелип чыгууда.

“Бүгүнкү күндө “Санарип аймак” 8 айыл өкмөтүнө пилоттук режимде киргизилген. Биздин планыбыз боюнча 2020-жылдын май айында өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрүндө “Санарип аймак” долбоорунун башталышы белгиленип, жылдын аягына чейин бул долбоор өлкөнүн бардык аймактарына киргизилет.  Долбоордо электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде башкаруу тутумун автоматташтыруу камтылат”,- деди Догоев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: