Бүгүн, 4-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда дагы 14 адам таажывирусун жуктуруп алды. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 1, Сузак районунда – 6, Карасуу районунда – 4, Ноокат районунда – 1, Ош шаарында – 2 катталган. 14 жаңы учурдун 5 учуру сырттан келген, ал эми 9 учур өлкө ичинде байланыш аркылуу жуккан.
Ошентип, Кыргызстан боюнча 144 адам таажывирусун жуктуруп алган. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусу – 67,
– Ош облусу – 35,
– Чүй облусу – 6,
– Баткен облусу – 3,
– Ош шаары – 12,
– Бишкек шаары – 15,
– Нарын облусу – 4,
– Ысык-Көл облусу – 2.
144 адамдын ичинен 77си аялдар, 67и эркектер.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ