“Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медициналык кызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 болчу, бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары эми коронавирус алып жүрүүчүлөр”, – деп билдирди бүгүн, 4-апарелде өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин таажывируска каршы ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.
Бүгүн, 4-апрель саат 10:00гө карата өлкө боюнча таажывирус жуктургандардын саны 144кө жетти. Вирусту жуктургандардын арасында 9 дарыгер бар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ