Бүгүн, 4-апрель күнү Бишкек шаарында жана Аксы районунда 3 бейтап таажывирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, таажывирусунан айыккан 3 бейтап: 24-25 жаштагы эркек балдар жана 45 жаштагы аял, Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан үйлөрүнө чыгарылган.
“Бейтаптардагы абал канааттандырарлык деп бааланып, ПЧРдин кайталанма анализи терс натыйжа берген” – деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда 9 бейтап таажывирусунан айыгып, оорукадан чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ