Бүгүн, 4-апрелде Аксы районунун Кербен шаарындагы аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө биринчи анализинен таажывирус табылып, дарыланып жаткан 45 жаштагы аял өзүн жакшы сезип, ПЧРдин кайталанма эки анализинде таза чыкканына байланыштуу ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эми ал участкалык врачтардын көзөмөлүндө болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ