Menu

Видео – Таажывирустан түзүлгөн кырдаалга карабай Кыргызстандан Тажикстанга бензиндин контрабандасы улантылып жатат

Бөлүшүү:

“Лейлекке күн сайын өтүп жаткан ушунча бензин бизнесмендердикиби, депутаттардыкы же кимдики? Күнүгө ушунча КАМАЗ бензин кетет. Күнүгө ушинтип тизилип өтөт, бул бир чети гана. Карантин деп алып, бизнесмендердин иши аябай жүрүп жатат. Муну кандай түшүнсө болот? Лейлек районуна ушунча бензин кетеби бир күндө?” – деп суроо салат Баткен районунун тургуну социалдык тармактар аркылуу.

Ал эми активист Гүлжигит Исаков бул видеотасманы “Бул бензиндер Лейлектин Арка айылына барат да Тажикстанга өтүп кетет. Таптаза контрабанда. Арка айылындагы жолдун бир жагы Кыргызстанга карайт, бир жагы Тажикстанга карайт. Ал жерге жеткенден кийин буларды эч ким токтото албайт. Бул бензин бюджетти айланып өтүп жаткан контрабанда” деп комментарий берет.

Баткен облусунун укук коргоо органдары муну эч качан моюнуна албайт, анткени өздөрү аралашып калышкан. Андыктан Бишкектен атайын контрабандага каршы ыкчам топ жөнөтүлүп, контрабанда токтотулуп, өткөн бензиндин ар бир литри эсепке алынып, акциздик жана башка салыктар республикалык жана жергиликтүү бюджетке тамчылай башташ керек.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: