Menu

ИИМ: Баткен облусунда милиция тарабынан жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында комплекстүү иш-чаралар жүрүүдө

Бөлүшүү:

Өзгөчө кырдаалдын алкагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Баткен облусунун ИИБдин өздүк курамы тартылып, күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө. Облустун жалпы аймагында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөөлөр киргизилген. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында санитардык-карантиндик посттор коюлуп, күнү-түнү ички иштер органдары саламаттыкты сактоо министрлигинин, ӨКМдин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда. Коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү жана алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Калктын коопсуздугун камсыздоо жана аталган илдеттин жайылышына жол бербөө максатында жер-жерлерде ыкчам чаралар көрүлүүдө. Шаардын көчөлөрүндө, райондордун борборлорунда жана башка калк жыш жайгашкан жерлерде милиция кызматкерлери үндү катуу чыгаруучу түзүлүштөр менен коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу коопсуздук чараларын аткаруунун зарылдыгы жөнүндө калкка маалымдоодо. Калкка зарыл болбогон учурда көчөгө чыкпоого, калк жыш жайгашкан жерлерге барбоого жана коргоочу бет каптарды кийүү менен аралыкты сактоого үндөөдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: