Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, мында нөөмөттө турган аскердик жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешти.

Премьер-министрге бүгүнкү күндө Жалал-Абадда абал туруктуу экендиги, ал эми жарандар өзгөчө абалдын шарттарын түшүнүү менен кабыл алып, жоопкерчилик көрсөтүп жатышканы маалымдалды.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, биргелешкен иштердин уюшкандыгынан жана сапатынан коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн натыйжалуулугу көз каранды. Ал медицина кызматкерлерин бардык зарыл нерселер менен камсыздоо үчүн мамлекет каржылоо маселелерин чечип жатканын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча масштабдуу иштерди баштаганын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал режимин укуктук аткарууну мындан ары карай камсыздоого тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Өкмөт башчы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып, киргизилген режим аларды тийиштүү деңгээлде жүргүзүү үчүн эч бир таасир бербеши керектигин белгиледи. Премьер-министр өлкөдө жүк ташуулар, ишкерлер жана дыйкандар үчүн эч кандай чектөөлөр жок экендигин ырастады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 43 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: