Menu

Бүгүн Индиядан 15 кыргызстандык келип, обсервацияга жаткырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-апрелде Кыргызстандын 15 жараны Индиянын Гоа жана Дели шаарларынан мекенине кайтарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

15 жаранды Индиядан кайтаруу аракети Казакстандын Өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашырылды, алар атайын борт менен Казакстандын жарандары менен кошо эвакуацияланган.

Кыргызстандыктарды Казакстантын Тараз шаарындагы эл аралык аэропортунан атайын транспорт менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда 4-апрелде Кыргызстанга алып келишти. Учурда алар обсервацияда жатышат.

“Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарынын кайтып келүүсү боюнча уюштуруу жолдорун издөө иштери өнөктөш-өлкөлөрдүн колдоосу жана көмөгү менен улантылууда” – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: