Түркия бийлиги таажывирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү чараларын күчөттү. Президент Режеп Тайип Эрдоган өзүнүн кайрылуусунда жаңы чектөөлөр жөнүндө айтты. Бул тууралуу жергиликтүү “Anadolu” газетасы жазып чыкты.
“Түркиянын 30 ири шаарларында жана Зонгулдак провинциясында унаалардын кирүүсү жана чыгышы 15 күнгө токтотулат, керек болсо бул мөөнөт узартылышы мүмкүн », – деди Эрдоган. Мындан тышкары, азыр Түркияда 20 жашка чыга элек тургундарга сыртка чыгууга тыюу салынат. Ал эми жарандар коомдук жайларга барганда сөзсүз түрдө медициналык бет кап кийишет.
Ошондой эле Эрдоган ” Биздин өлкө таажывирус илдетине каршы күрөшүүгө даяр. Мындан улам Түркия көптөгөн өнүккөн мамлекеттерден озуп кетти. Тактап айтканда, өлкөнүн өзүндө керектүү сандагы маскалар, тесттер топтомдору жана ошондой эле жетиштүү дарыгерлер бар”,- деп кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ