Menu

Таажывирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларга тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 38,5 млн сом жумшалат

Бөлүшүү:

Таажывирус инфекциясына байланыштуу аныктоо жана дарылоо иш-чараларына тартылган медицина кызматкерлерине, кенже тейлөөчү жана техникалык кызматчыларга өбөлгөлөөчү кошумча төлөм үчүн 38 млн 559 миң 307 сом жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын аймагында таажывирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кесепеттери менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн акча каражаттарын, гуманитардык жана кайрымдуулук жардамын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилди.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-апрелине карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн бирдиктүү эсепке 96 млн 919 миң 729 сом түшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: