Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы материалдык резервдер кампасына барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы материалдык резервдер кампасына барды.

Өкмөт башчы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн унду кампага киргизүү жана аны таратуу процессин көрдү.

Премьер-министрге үч облустагы муктаждар үчүн 100 тоннадан ашык ун таратылганы, анын запасы жетиштүү экенин билдиришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев  учурда мамлекеттин резерви жетиштүү жана жардамга муктаждардын бирөөсү да көңүл буруусуз калбашы керектигин белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле Ош облусундагы жазгы айдап- себүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ал өзгөчө абал режимине карабастан жазгы талаачылык иштер өз учурунда жана жетиштүү деңгээлде жүрүшү керектигин кошумчалады.

Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жазгы айдап-себүү иштери ийгиликтүү жүрүшү үчүн дыйкандарга бардык шарттар түзүлүп жатканын айтты. Анын айтымында,  минералдык жер семирткичтерди, урук жана күйүүчү майды ташып келүү боюнча маселе жок. Маселелерди ыкчам чечүү үчүн call-борбор ишке киргизилди жана жаралган көйгөйлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы менен өз учурунда чечилүүдө. Мындан тышкары комендатуралар менен өз ара кызматташуунун механизми түзүлдү.

Министр Республикалык штабдын жүк ташуучу унаалар үчүн өткөрмө кагазды берүүнү жоюу боюнча чечими жазгы талаачылык иштерди жүргүзүүгө бир топ жеңилдик болгонун өзгөчө белгиледи.

Өкмөт башчы дыйкандар үчүн шарттарды түзүү жана жаралган маселелерди ыкчам чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: