Бүгүн, 5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-апрелде күндүз Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин билдиргенине караганда бүгүн, 5 апрелде:
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Түнкү абанын табы +6 – +8, күндүзү +23 – +25 градуска чейин ысыйт.
Чүй облусунда
түндө +4…+9
күндүзү +20…+25
Талас облусунда
түндө +3…+8
күндүзү +19…+24
Баткен облусунда
түндө +6…+11
күндүзү +21…+26
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түндө +6…+11
күндүзү +20…+25
Ысык-Көл облусунда
түндө +1…+6
күндүзү +12…+17
Нарын облусунда
түндө 0…+5
күндүзү +13…+18
6-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-апрелде күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
7-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
8-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана Нарын облусунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ