Menu

Видео – Матраимовдор чет өлкөдөн Кыргызстанга 20 ИВЛ аппарат сатып алып, ооруканаларга таратып жатышат

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-апрелде бир тууган Матраимовдор түзгөн Исмаил Матраимов атындагы фонд чет өлкөдөн Кыргызстанга 20 ИВЛ аппаратын сатып алышкан. Бул тууралу депутат Искендер Матраимов өзүнүн facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Алардын 2 ИВЛ аппараты Кыргызстанга келип, Ош облустук ооруканасына берилген.

“ИВЛ аппараттары заманбап үлгүдө экен. Жасалма дем алдырууга өтө керектүү аппарат болот. Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн бизге берилген бул белек бизге эң керектүү жабдык эле. Бул аппараттын бир арчыкчылыгы кислородный балондун да кереги жок, өзү эле абадан кислород алып бейтапты дем алдыра берет”, – деп билдирди оорукананын башкы реаниматологу Сабыр Жороев.

Бирок Ош облустук ооруканасына бул 2 ИВЛ аппараты жетишсиз.

“Бизге белекке берилген бул ИВЛ аппараттары азыркы учурда эң заманбап, эң зарыл болуп жаткан аппараттар. Биздин бейтаптар үчүн зарыл болуп жаткан. Ооор абалдарда ушул аппарат менен абалдан чыгабыз. Инфекционисттердин, реаниматологдордун, жалпы врачтардын атынан Матраимовдордун фондуна ыраазычылык билдиребиз”, – деди оорукананын башкы врачы Талантбек Арстанкулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: