Таажывирусун жуктуруп алган 5 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрель күнү КР Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
“Экөөсү жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган, ал эми үчөө болсо кычкылтек менен дем алып жатат” – деп билдирди министр.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 147 адамдан таажывирусу аныкталды. Анын ичинен 5 бейтаптын абалы өтө оор. 8 киши таажывирусунан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми 1 жаран илдеттен улам көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ