Menu

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Жардам штабы 3 күн ичинде 2000 ден ашык жарандарды азык-түлүк менен камсыздады

Бөлүшүү:

5-апрелге карата Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Жардам штабы үч күндүн ичинде Бишкек шаарында жана борбор калаанын жаны конуштарында жашаган 2000 ден ашык жарандарды азык-түлүк менен камсыздады. Бул тууралу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«1227» түз байланышы, ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Facebook социалдык баракчасы аркылуу кайрылган жарандарга азык – түлүктөр үйлөрүнө жеткирип берилүүдө.
Бүгүнкү күндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ачкан эсебине 4 933 962 сом түштү. Акчалай жардамдар мамлекеттик, жеке ишканалар, коомдук жана кайрымдуулук уюмдар берүүдө.
Комиссиянын чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн сумманын 4 750 800 сому КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бөлүнөт. Мындан сырткары мамлекеттик материалдык резервден 400 тонна ун берилди.
Белгилей кетсек, түз байланыш номуруна күнүгө 20 миңден ашуун телефон чалуулар болууда. Түз байланыш ишке киргенден баштап өлкө боюнча 120 миңден ашык кайрылуулар түшкөн.
Гуманитардык жардамдарды жеткирүү жана келип түшкөн жардамдар тууралуу маалымат этабы менен берилип турат.

     
Жардам штабы кайдыгер карабаган жарандар жалпы кайрымдуулук ишине өз салымдарын кошууга чакырат. Финансылык жардам берүү үчүн резквизиттерди эске салабыз:
Алуучу: Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
ИНН: 01003199710041
БИК: 440001
Э/С 4402011103034541
Банк: КР ФМнин Борбордук казынасы
Төлөө коду: 14511900
ЭЛСОМ 0990 603030

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: