“4-апрелден 5-апрелге караган түнү Бишкек шаарында, өткөн сутка ичинде коменданттык саатты 83 адам бузган. Алардын ичинен, 75 эркек, 8 аял. Учурда, коменданттык саатты бузгандардын санынын кыскарган тенденциясы байкалууда. Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда. Ошондуктан Бишкекте карантиндик зонаны кеңейттик”, – деп билдирди бүгүн, 5-апрелде Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев Өкмөт үйүндө өткөн брифингде.
Эми Бишкектин карантиндик аймагы:
-түштүк тарапта — Түштүк магистралга чейин,
-түндүк тарапта — ЧЧКга чейин (БЧК),
-чыгыш тарапта — Чокан Валиханов көчөсүнө чейин (Чолпон-Ата көчөсү),
-батыш тарапта — Садырбаев көчөсүнө чейин (Бах көчөсү).
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ