Menu

Жеңиш Жоробеков, комендант: тартип, ынтымак жана тазалыкты сактоо менен – бул илдетти жеңебиз

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.
2020-жылдын 4-апрелинен 5-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 12 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 3 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймакка тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы – 183 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 2 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШИИБге жеткирилген. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында жалпы – 295 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн. Ошондой эле аталган аймактардан жалпы – 292 автоунаа кармалып (өзгөчө абал киргизилгенден тартып), айып аянтчасына коюлган.
Ошондой эле комендант Ж.Жоробеков жарандарга кайрылуу жасады. Анда мындай деп айталат:
Урматтуу Жалал-Абад областынын тургундары жана коноктору! Биздин негизги максат дүйнө жүзүндө тарап жаткан илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо жана жарандардын саламаттыгын, коопсуздугун сактоо болуп эсептелет.
Суранарым биз тараптан көрүлгөн чараларга жана чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактап өзүңүздөрдүн ден соолугуңуздарга кам көрүүгө чакырамын.
Тартип, ынтымак жана тазалыкты сактоо менен – бул илдетти жеңебиз!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: