Джалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жалгыз бой карыяларга 15 тонна ун жана 15 миң беткап таркатты. Бул тууралу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Гуманитардык жардамды 310 үй-бүлө алды, анын ичинде 6 Улуу Ата Мендик согуштун ардагерлери жана 7 тылда эмгектенгендер.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ