Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүгө жардам берген ыктыярчылар менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүгө жардам берген Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары менен жолукту.

Өкмөт башчы Ош облусуна жасаган сапарынын алкагында Кызыл жарым ай коомунун Ош шаарындагы кеңсесине барып, ыктыярчылар менен жолугушту.

Активисттер Премьер-министрге жардам берүү жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына көмөк көрсөтүү боюнча жасап жаткан иштери тууралуу айтып беришти.

Алар жеке коргонуучу каражаттарды, ошондой эле  жарандарга таратылып жаткан күнүмдүк керектелүүчү товарларды көрсөтүштү.

Мухаммедкалый Абылгазиев өз кезегинде коронавирус инфекциясынын кеңири жайылышына жол бербөө максатында Өкмөт тараптан кабыл алынган чаралар жана Республикалык штабдын иши тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү товарлардын жетишсиздигине жана алардын наркынын негизсиз жогорулашына алып келбөө боюнча жасалып жаткан жумуштарга токтолду.

Премьер-министр биринчи күндөн тарта мамлекеттик органдарга жана мекендештерге чын дилден жардам берип келе жаткан ыктыярчыларга жана коомдук активисттерге ыраазычылык билдирди.

«Мындай оор күндөрдө боорукердик жана кайрымдуулук сыяктуу адамдык сапаттар өзгөчө мааниге ээ. Татаал жана кооптуу абалга карабастан жарандарга жардам берүүсүн уланткан мына ушундай мекендештерим менен сыймыктанам. Бардыгыңыздарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чын дилимден рахмат айтам», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал Өкмөттүн борбордогу жана аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча масштабдуу ишинде ыктыярчылардын ролу чоң экенин белгиледи.

Андан соң Премьер-министр Ош облусундагы Кара-Суу жана Ноокат райондорундагы   санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, нөөмөттө турган өздүк курам менен сүйлөштү.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: