Menu

Түштүккө барып келген премьер-министр Абылгазиев жана анын 12 коштоочусу Бишкекте 3 күнгө карантинге алынды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Ош жана Жалал-Абад облустарына аны менен эки күндүк иш сапарында бир болгон делегациянын 12 мүчөсү коронавирус инфекциясынын бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өттү. Бул тууралу бүгүн, 5-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес аймактарда болгон делегациянын бардык мүчөлөрү Бишкек шаарына келери менен дароо коронавирустун бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өтүштү. Алардын биринен да вирус аныкталган жок. Тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: