Menu

ИИМ: Өлкө аймагындагы обсервация борборлору толугу менен ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынган

Бөлүшүү:

Жалпыга маалымдоо каражаттарына саламаттыкты сактоо министри билдиргендей бүгүнкү күндө 5-апрелге карата COVID-12 коронавирус инфекциясын алдын алуу иш чараларын жүргүзүү максатында 1 миң 454 киши обсервацияда жаткандыгын билдирди. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет

Алар Бишкек жана Ош шаарында, Чүй, Жалал Абад, Баткен, Нарын, Талас, Ысык Көл, Ош областында областында обсервация борборлору иштеп жатат. Мына ушул обсервациялык борборлорду толугу менен көзөмөлгө алуу, ал тарапта коомдук тартип сактоо ички иштер органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн.

Тактап белгилеп кете турган үч маселе.

Биринчиден, ошол обсервация борборлорунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери толугу менен санитардык-карантиндик жана эпидемиологиялык эрежелерди толук сактоо менен коргонуучу атайын кийимдер, жана коргонуучу санитардык каражаттар менен жабдылган. Алар обсервацияда жаткандар менен эч кандай байланышка же контактка барышпайт. Күнү-түнү сыртындагы коопсуздук маселеси, эч кимге тартип бузууга жол берилбестиги, кандайдыр бир коопсуздук маселеси жарала турган болсо аны ыкчам чечим кабыл алып, дарыгерлерге жардам көрсөтүү ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Обсервациялык борборлордун ички дарылоо процесстерине кийлигишпейт, имараттардын ичине киришпейт, обсервациянын ички процесстери толугу менен медициналык кызматкерлер тарабынан тейленет жана көзөмөлгө алынат.

Экинчиден, обсервация борборлорунда посттордо турган милиция кызматкерлери күзөт мөнөтү аяктап, күзөт кезегин экинчи милиция тобуна өткөргөн соң медициналык кызматкерлер тарабынан санитардык-карантиндик кароолордон сөссүз түрдө өтөт жана жеке-гигиеналык маселеде, ден-соолукту сактоо маселесинде медицина кызматкерлеринин талаптарын толугу менен аткарышат.

Үчүнчүдөн, Андан сырткары, кошумчалап белгилеп кетели, өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал киргизилген аймактардагы бардык санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттордо, өзгөчө абал киргизилген блокпосттордо кызмат өтөп күзөттө турган кызматкерлер атайын жеке коргоонуучу атайын кийимдер, атайын коргоонучу каражаттар менен жабдылган. Алар посттордо жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалдын талаптарын жеткизишип, аларды мыйзамдын талаптарын бузбоого чакырышып, зарыл иштери болбосо үйлөрүндө калууларын суранышып, айрым учурларда маалыматтык негизде жардамдарын беришүүдө.

Урматтуу биздин мамлекеттин жарандары өлкөбүздүн коопсуздугу, өзүбүздүн коопсуздугубуз, өзүбүздүн колубузда экендигин эске алуу менен бекем тартипти сактоого чакырабыз. Ар бирибиз обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Ар бир тартип бузуунун аркасында –мыйзам чегинде жоопкерчилик деген бар. Ошол себептүү ар бир Кыргызстандык, ар бирибиз ушундай өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек – бул ар бирибиздин – Ата Журтубуздун алдындагы парзыбыз жана милдетибиз экендигин таразалап туура түшүнөсүңөр деген ишеничтебиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: