Кечээ, 4-апрелде Ноокат шаарындагы аймактык ооруканада таажывирустан 80 жаштагы бейтап көз жумду. Бул тууралу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маркум кичи ажылыктан келгенден бери обсервацияга алынып, анан таажывирус табылгандан кийин дарыланууга кириптер болгон.
“Ооруканага түшкөндөн бери бейтап адистер тарабынан дыкат текшерүүгө алынып, диагнозуна жараша дарыланып жаткан. Бирок анын ден-соолугу кескин начарлап, ЭКГга салганда курч инфаркт миокарддын белгилерин берген. Интенсивдүү терапиялык дарылоого карабастан бейтап кечээ көз жумду”, – деп айтылат билдирүүдө.
Бул Кыргызстандагы таажывирустан көз жумган экинчи адам. Биринчиси – Жалал-Абаддын 61 жаштагы тургуну 2-апрелде жан берген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ