Кечээ, 4-апрелде Ноокат аймактар аралык ооруканада каза болгон 61 жаштагы жарандын сөөгүн жаңы эрежелер боюнча ошол эле күнү саат 16:00дө жерге беришти. Бул тууралу Ош шаардык жана Ноокат менен Кара-Суу райондук комендатурасынан билдиришти.
Таажывирустан каза болгондорду жерге берүү эрежелерине ылайык, маркумдун сөөгүн врачтар мусулманчылыктын эрежелерине ылайыктап жуушкан. Анын тажиясына аз сандагы адамдар гана катышып, туугандары да толук катыша алган эмес.
Белгилей кетчү нерсе, 3-апрель күнү бейтапты врачтар саламатчылыгы жакшыргандан улам үйүнө чыгарууга даярдай башташкан. 4-апрель күнү анын саламаттыгы кескин начарлап, жүрөгү курч инфаркт миокардын кармап жан берген. Маркум умрадан келгенден кийин обсервацияга алынып, анализдеринен таажывирус табылып, дарыланууга дуушар болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ