Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Осмонакун Ибраимов 150 миң сомдон пенсия алышат экен, Отунбаевага окшоп 1 жылдык пенсиясын медиктерге жардамга беришсин”

Бөлүшүү:

“Өткөндө, 1-апрель күнү Роза Отунбаеваны ачуум менен сындап, башка кирешелериң деле көп экен, жок дегенде бюджеттен алган 80 миң сом пенсияңдан Нарындын медиктерине ушундай кыйын учурда бир жардам берип койбойсуңбу деп кайрылгам. Эртеси 2-апрель күнү ал өзүнүн аткаруучу директору аркылуу: “пенсияман 1 миллион сомду медициналык кызматкерлерди колдоо үчүн бөлдүм, бирок эмне үчүн менин пенсияма эле асыласыңар? Менден көп пенсия алгандар бар. Алар да жардам беришсин” деп жарыялады. Мен кызыгып калдым, дагы кимдер андан көп пенсия алат деп. Чоңдордон сураштырдым”, – деп билдирди бүгүн, 5-апрелде Нарындан Апрель баатыры, Нарынга келген гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Бактыгүл Жумабаева.

“Мага жеткен маалыматтар боюнча бир нече жолу: Масалиевдин жана Акаевдин учурларында премьер-министр болгон Апас Жумагулов, экс-спикер Медеткан Шеримкулов, экс-госсекретарь Осмонакун Ибраимов 150 миң сомдон пенсия алышат экен. Мен билгенден Апас Жумагулов жубайы экөөсү бир нече заводдорду жана соода борборлорун менчиктештирип алышкан. Алтургай былтыр ызы-чуу чыккан Кара-Балтадагы уран иштетүүчү ишканага да ээлик кылат. Алтын чайкай турган ишканаларда энчиси бар. Анан аял киши Роза Отунбаевадан эмнеси кем? Бир нече миллион сомун таажывируска каршы иштеп жаткан медиктерге жардам берип койсо болбойбу? Отунбаеванын 1 миллион сому – бул бир жылдык пенсиясы экен. Апас Жумагуловдун 1 жылдык пенсиясы 2 миллион сом болот экен, медиктерге жардам кылса жакшы болот эле”, – деди Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Медеткан Шеримкулов өмүр бою “майлуу-сүттүү” жерлерде иштеди. Оңой байлык жыйнаган жок. Эми ал байлыгы өзүнө буйрусун, бирок элдин эсебинен, бюджеттен алып жаткан 150 миң сом пенсиясынын 1 жылдыгы 2 миллион сомду медиктерге жардамга бере албайбы? Аял киши Отунбаевачалык жокпу?”- деди Жумабаева.

“Тиги Майрам Акаеванын каблугунун алдында жүрүп, кызматтарга жеткен Осмонакун Ибраимов кайсы сиңирген эмгеги үчүн ушундай чоң пенсия алат? Уялбайбы? Майрам Акаевага кошомат кылгандан башка кыргыз элине Осмонакун эмне кызмат кылды? Бул чоңдор кандай жолдор менен пенсияларын минтип чоң кылып алышат? Акаев бийликтен кеткени Бакиевге кошоматтанып көрдү, жолотподу. Анан Атамбаевди мактап “Азаттыкка” жалаяктай макалаларын жазды. Атамбаев жолотподу. Болгону кызматы ушул. Алган пенсиясы асманды чапчыйт. Аял киши Роза Отунбаевадан эмнеси кем? Аял кишичелик жокпу? Пенсиясынан врачтарга бөлүшсүн, Отунбаевадан кем калбай”, – деди Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: