Menu

КР Президенти Сооронбай Жээнбековго арыз: Атамбаев менен Текебаевдин зулумдугунан 10 жылдан бери куугунтук жеп келаткан полковник Абдували Акжоловдун ишин калыс кароого тапшырма бериңиз

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Президенти С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВго

Акжолов Абдували Жолдошевичтин укугун Коргоо комитетинин төрагасы

А.Кошоевден (Бишкек ш., Бөкөнбаев  к., 5-76-,  055 070774, 0552 184113)

 А Р Ы З

 Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргыз Республикасынын ИИМдин отставкадагы полковниги Акжолов Абдували Жолдошович, 2010-жылда орун алган “апрель талап-тоноочулуктары”, “июнь коогаланы” окуялары боюнча кээ бир “арты таза эмес” саясатчылардын жорук жосундары  боюнча билген маалыматтары ачыкка чыкпашы үчүн А.Атамбаев, Ө.Текебаев зулумдук менен аракет көрүшкөн.

Буйрутма аткарган кээ бир чиновниктер көптөгөн жасалма кылмыш иштерди козготушуп, репрессия жолу менен кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып  көп тармактуу, көп жылдык куугунтукка дуушар кылышты.

Ойдон чыгарылган кылмыштарын жармаштырып гана тим болбостон, 2011-жылы ур-токмокко алганда өтү жарылып, эки жолу хирургиялык оор операция жасалды.

2013-жылы жасалма кылмыш иш менен дагы ур-токмокко алышканда мурда операция болгон жери жарылып үчүнчү жолку хирургиялык оор операциядан араң өлүмдөн калган.

2015-жылы 3-июлдун саат 22.30дан 4-июль таң атканча  8 офицер, 2 штаттан сырткары кызматкерлер ортого алып ур-токмокко алып, өлтүрүү аракетин жасашкан. Полковникти таанып калган кызматкерлер, эс-учун жоготкон абалда №4 ооруканага жеткирип сактап калышкан. Өкүнүчтүүсү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кайра-кайра, буйрутманын негизинде жапайы кылмыш жасаган кызматкерлер жоопкерчиликке тартылбай келүүдө.

Биздин Кыргызстанда мыйзам баарына бирдей иштегенде, акыйкат, адилеттүү бийлик орногондо мамлекетке жарандардын ишеничи артат.

А.Акжоловго карата “кызыктар” тараптын 10 жылдан бери жасаган кыянаттыгы уланып жатканын, соттук териштирүүлөрү боюнча төмөнкү таблицада ачык-айкын көрүнүп турат:

Соттук мате-риалдар каралган инстанция 

Мазмуну

Кошумча маалымат
1Биринчи Май райондук соту2019-жылдын  7-майда КИ № -350/19.БЗ токтомунда күчөт-үлгөн режимге которулган 
2 

Ленин райондук соту

2019-жылдын 24-сентябрындагы №057/19 Б1 токтому боюнча, жасалма кылмыш иштери кыскартылып, женилдетилген кароо тартибине которулган. 2015-2020-жылдар аралыгында,  кайра-кайра соттук-медициналык экспертиза 10дон ашуун  корутунду жиберилген (атайлап создуктуруу, адамдын укугун көз көрүнө тебелеп тепсөө, буйрутма аткаруу) жолу менен Чечим кабыл алууну 5 жылдан бери мыйзмсыз создуктурушууда.
3Биринчи Май райондук соту2019-жылдын 11-октябрында КИ №-350/19.Б3 токтомуна ылайык, жалган жалаанын негизинде токулган кылмыш иши кыскартылган.

Чүй облустунун Чым-Коргон айылындагы РПОго “күчөтүлгөн”  режим менен которгон

Бир эле адамга:

Ленин райондук соту –  “женилдетилген”;

Биринчи Май райондук соту – “күчөтүлгөн” режимге которгону эч бир мыйзам нормаларына туура келбейт!!! (Биринчи Май райсоту “буйрутма” аткарып, мыйзамды бузду!)

4Ленин райондук соту2019-жылдын  20-декабрында СУ №590/19Б1 Чечиминин негизинде, Чым-Коргон РПОнун адистеринин корутундусун канааттандырган эмес.Адамдын ден-соолугу боюнча дарыгерлердин амбулатордук дарыланууга жиберилсин деген корутундусун, бул жолу дагы   мыйзамсыз четке каккан!
5 

Биринчи май райондук соту

2019-жылдын 27-декабрында СУ-УД 349/19 Б3. Токтомуна ылайык женилдетилген б.а. “адаттагыдай” режимге өзгөртүлгөн.Жогорку Соттун төрагасынын орун басары болуп турганда мыйзамдын эмес, “мародёр” саясатчылардын кызыкчылыгын коргогон жана А.Акжоловду куугунтуктоонун башында турган  Канат Турганбеков болгон, анын уулу  Бишкек шаардык прокуратурасынын соттордо мамлекеттик айыпты колдоо бөлүмүнүн башчысы (“Ата-Мекенчи” Т.Мадылбековдун аяш уулу) Нурлан Турганбеков түздөн түз кийлигишип, чечимди жокко чыгаруу аракетин көрүп, мыйзамсыз аппеляциялык сунуш жаздырып, мыйзамсыз чечим чыгышына дайыма кызыкдар болуп, кызмат ордун “кыянаттык” менен пайдаланып жатат.
6 

Бишкек шаардык соту

2020-жылдын 29-январында СУ-590/19 Б1, АБ-04-02/20 СС. Аныктамасына ылайык Ленин райсотунун  2019-жылдын 20-декабрында Чечими күчүндө калтырылганАдам укуктары боюнча чечимдер гуманизацияланып жатканына карабастан, уюшкан топтун буйрутмасынан б.а. прокуратура кызматкерлердин басымынан чыга албай, оорлоштуруу далалатындагы  соттук чечимдер экени даана көрүнүп турат.

Бишкек шаардык соту, Биринчи Май райсотунун Чечимин жокко чыгарып, кайрадан “күчөтүлгөн”

режимге калтыруусу, Адам укуктарынын болуп көрбөгөндөй тебелеп тепсөө!

7 

Бишкек шаардык соту

2020-жылдын 29-январында СУ-УД-349/19 Б3, АБ-0406/20 СУ

Аныктоосуна ылайык, Биринчи Май райсотунун   2019-жылдын 27-декабрында женилдетилген б.а. “адаттагыдай” режими жокко чыгарылган

8.Чүй облустук сотуА.Акжоловго карата жасалма кылмыш иштери, Чүй облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан 2020-жылда №Ач-04-1-20 кыскартылган.Биринчи-Май райсоту,

11-октябрдагы Чечиминде, Ленин райсоту кабыл алган Чечим менен бирдей болгондо мыйзам ченемдүү чечим болмок же Чүй обл соту сыяктуу Чечим кабыл алынышы мыйзамдуу эле.

Кыргыз Республикасынын Президенти катары Сиз, урматтуу Президент мыйзамсыз иштер боюнча: “элдин ишеничи, коомдун ишеничи кетет…  Мен жасагандай, мен тапшырма бергендей болуп жатпайбы… олтурсынар баарынар былтыйып,” – деп, катуу сынга алгансыз. [https://www.youtube.com/watch?v=DMDMXAymEdQ] Ошондуктан, мыйзам бузуу фактысына эртеби-кечпи укуктук баа берилип, күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алышат деп терең ишенебиз! Ал эми, Чым-Коргон ооруканасынын администрациясынын соттук-психиатриялык экспертизасынын 20.01.2020-ж.  № 20/05-АКТысында А.Акжоловдун ден-соолугу олуттуу жабыркап, ал  дарыланууга муктаждыгы даана көрсөтүлгөн.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Абдували Акжоловдун Бакиевдин доорунда башталган репрессияны эске алганда 12 жылга созулган, укугу тебеленип-тепселген өтө катаал акыбалын баяндап, жардам сурап, Сизге көп жолу кайрылдык, бирок, арызыбыз Сизге жеткен жок. Арга кеткенде Массалык маалымат каражаттары (ТВ, гезит, сайт) аркылуу да үнүбүздү жеткиргенге аракет жасап келе жатабыз. А.Акжоловду Коргоо комитетинин мүчөлөрү кыргыз мамлекетине ак кызмат өтөгөн коомдук жана саясий ишмерлер (ЖКнын III чакырылышынын депутаты Н.Аркабаев, ИИМдин мурдагы орун басары О.Эгембердиев, коомдук ишмер А.Кошоев). Бул кайрылуубузду жеке өзүнүзгө жетип адилеттик орнойт деген ишенимдебиз!

Жогоруда белгиленгендей, жалгыз гана А.Ж. Акжоловго карата кабыл алынган  “уникалдуу”,  гумандаштыруудан баш тарткан, дарылоо режимдери  бир эле маселе боюнча эки башка, колдон келишинче оорлоштурулган багытта (дарылоо режимдери боюнча) чыккан соттук чечимдер, ага карата кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз, кадыр-баркты басмырлаган мамиленин – жазанын түрлөрүнүн  уланып  жаткандыгын айгинелейт.

Биз даана белгиленген (эч бир юридикалык нормаларга сыйбаган, тымызын кыянаттык уланып жаткан!!!)  бир адамга карата эки анжы режимди кароо боюнча соттук материалдары Кассациялык даттануунун негизинде 2020-жылдын 18-февралында жана 20-февралында КРнын Жогорку соттун карамагына түшкөн. Юридикалык нормаларга ылайык 14 күндөн кийин соттук материалдын күнү белгиленип, жок дегенде 10-мартка чейин чечилүүсү зарыл эле. Кылмыш иштери толук кыскартылганына карабастан,  жада калса мыйзамсыз  “эки башка” режимди кароодо мурдагыдай эле айлап-жылдап создуктуруу аракеттери болуп жатканына күбө болуудабыз (2015-2020 –жылдар аралыгындагы ар бир соттук материал тынымсыз жылдырылып турганы буга  далил…) Биринчи Май райондук соттук  материал  2020-жылдын 1-апрелине дайындалган убактан 2020-жылдын 12-май күнгө жылдырылды деп, 0312 663211 тел.номеринен 27-март күнү чалып билдиришти. Ал эми, Ленин райондук режимди кароо соттук материал 2020-жылдын 6-апрелине дайындалганы маалымдалган. КРнын Жогорку Сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы жогоруда белгиленген Ленин райондук, Биринчи Май райондук режим боюнча “эки түрдүү” соттук материалдарды  бир убакта жана бир күндө карап, тез арада мыйзам чегинде мыйзамдуу, гумандуу чечим кабыл алынышын камсыздап берүүнүздү  суранабыз!

Кыргыз Республикасы, Адам укуктары боюнча 8 келишимин жана бир нече факультативдик протоколдорду милдеттеме катары кабыл алган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын гаранты катары Сизден тиешелүү тапшырма берүүнү жана чараларды көрүүнү суранабыз.

     

Милициянын полковниги А.Акжоловду

Коргоо комитетинин төрагасы Ахунбай Кошоев               

Мүчөлөрү:

  ИИМ министринин мурдагы орун басары  Өмүрбек  Эгембердиев

 КРнын Жогорку Кеңешинин  III чакырылышынын депутаты Номанжан Аркабаев

 Мыйзамдуу өкүлү Абдыганы Акжолов

 02.04.2020 ж.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

80 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: