Бүгүн, 5-апрелде Москвада курулуп жаткан таажывирус ооруканасынын куруучулар жашаган чатырда (палаткасында) өрт чыгып, анда уктап жаткан 40 жаштагы кыргыз мигранты тирүүлөй өрттөнүп кеткен. Бул тууралу Москвадагы кыргыз элчилиги да тастыктады.
Бул оорукананын курулушунда 2000 кыргыз эмгек мигранты иштеп жатышкандыгы белгилүү. Өрт чатырдын (палатканы) ысыткан печкеден чыккан.
Бул жерде 30-мартта да өрт чыгып, курулушчулар жашаган 7 чатыр (палатка) күйүп кеткен. Кудай жалгап анда курулушчулар аман калышкан эле.
Этият болуңуздар, нормативдүү эмес лексика бар!
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ