Menu

Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 584кө жетти

Бөлүшүү:

Казакстанда дагы 18 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Алматыда беш, Караганды жана Түркстан облустарында төрттөн, Акмоло облусунда үч, Атырау жана Кызылордо облустарында бирден учур катталды.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын жалпы саны 584кө жетти. Алардын 42си айыкса, алты киши каза болду.

Буга чейин өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов апрелдин биринчи жарымында коронавирус жуктургандардын саны эң жогорку чекке жетип, андан кийин төмөндөйт деп болжолдонуп жатканын билдирген. Анын айтымында, апрель-май айларында өлкөдө вирус жуктуруп алган адамдардын саны 3500гө жетиши мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 84 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: