БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева вице-премьер-министр болуп калган экс-депутат Аида Исмаилованын ордун эмне үчүн эркек киши ээлей албай тургандыгын түшүндүрдү.
Эскерте кетсек, бош мандатка 54 жаштагы бизнесмен Аккулу Бердиев келет деп кабарланган болчу.
«Мыйзамга ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, анын ыйгарым укуктары кийинки катталган талапкерге өткөрүлүп берилет. Эгерде депутаттыктан эркек адам кетсе ордуна эркек адам, ал эми аял киши кетсе, ордуна аял киши келиш керек. Мындай мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген ”, – деди Гүлнара Журабаева.
Эскерте кетсек, бош орунду ээлөөгө тийиш болгон талапкерлер буга чейин өз арызынын негизинде партиядан чыгарылган. Ошондуктан, партиянын тизмесинде 103чү катардагы талапкер Айгерим Бейшембаева депутат болуп келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ