Бүгүн, 6-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда дагы 69 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымы боюнча, таажывирусу жаңы аныкталган адамдар обсервацияда жаткан.
“Бир гана бейтапта клиникалык белгилер бар. Башкаларга клиникалык белгилери жок, бирок оорунун козгогучу бар” – деп билдирди министр.
Жаңы учурлар: Ноокат районунда – 42, Кара-Суу районунда — 3, Ош шаарында – 2, Ош облусунда жалпысынан 47, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда — 13, Бишкек шаарында – 5, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында – 1, Баткен районунда – 1, Чүй облусунун Кемин районунда— 1.
Ошентип, Кыргызстан боюнча 216 адам таажывирусун жуктуруп алган. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусу – 80,
– Ош облусу – 94,
– Чүй облусу – 5,
– Баткен облусу – 4,
– Бишкек шаары – 25,
– Нарын облусу – 5,
– Ысык-Көл облусу – 3.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ