Menu

Видео – Караколдо таажывируска шектелген адам жашаган көп кабаттуу үйдүн кире бериштеги эшигин ширетип салышкан

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн кире бериштери жабылды, анда таажывирус илдети бар болушу мүмкүн делген адам жашайт. Бул тууралуу журналисттерге жергиликтү тургундар билдирген.

Кечээ, 5-апрелде, таажывирус илдетинин жайылышын алдын алуу иштери башталды.

Маалыматка караганда, шаардан кире турган жана чыга турган жерлер жабылган. Мындан тышкары, алар аталган жаран жашаган көп кабаттуу имараттын бардык кире бериштерин жаап салышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кечээ алар подъезддеги эшиктерди да ширетишкен, ошондуктан тургундар тез жардам керек болсо, анда эмне кылабыз деп тынчсызданууда.

Ал арада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир кире беришке тор орнотуп, калгандарынын кулпусун жөн гана кулпулап коюшкан. Ал эми кире бериштер мурунтан эле бекитилген. Эшиктер качан гана тамак-аш жана дары-дармек жеткирилип келгенде эле ачылат.

Аталган кыштан жасалган үй төрт кабаттан турат, анда 4 подъезд бар.

Белгилүү болгондой, таажывирусун жуктуруп алган тургун 1990-жылы туулган, анын аялы, 3 баласы жана 2 карындашы обсервацияга жаткырылды. 30 жаштагы жаран 22-мартта Индиядан дааваттан Бишкекке келип, 3 күн обсервацияда жаткан. Андан таажывируска анализ алынып, жыйынтыгында илдет аныкталган эмес. Ошондуктан ал үй карантинине жөнөтүлгөн. Ал Бишкек шаарынан Балыкчы шаарына чейин маршрутка менен келип, экологиялык посттон кийин таксиге отуруп, Каракол шаарына чейин барган. Бүгүнкү күндө ал жаран келген маршруткада канча адам бар болгону такталууда. 30-мартта ал облустук бириккен ооруканасына обсерваторияга жаткырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Караколго келген күнү кошуналарын үйүнө чакырып, коноктогон. Ошондой эле кичирайондо жайгашкан мечитке барган. Таажывирусун жуктуруп алган жаран сырттан келгенден кийин кимдер менен байланышта болгонун айтуудан баш тартып жатат. Каракол шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйдүн эшиги жабылган эмес.

“Муниципалитет Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринин эшигин жапты деген маалымат чындыкка дал келбейт” – деп айтылат маалыматта.

“Кечээ, 5-апрелде Каракол шаарындагы Кирпич заводунун аймагындагы №55 үйдө тургундардын биринен таажывирусунун белгилери аныкталгандыктан, көп кабаттуу үйдүн кире бериштеги эшигин ширетип салышкан. 30-марттан бери ал тургун үй-бүлөсү менен (5 адам) аймактык ооруканада обсервацияда жатат. Таажывирустун белгилери бар жаран дарыгерлерге өзү менен байланышкан адамдар жөнүндө маалымат бергиси келбегендиктен, үйгө атайын карантиндик статус берүү чечими кабыл алынган. “Көп кабаттуу үйдү дезинфекциялоо учурунда ширетүүчү машинанын жардамы менен, үйдүн кире беришиндеги эшиктерди оңдоо иштери жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, муниципалитет жарандардын кыймылын толук чектөөнү каалабайт” – деп маалымдайт Каракол шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

     

     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: