Кыргызстанда таажывирусунан улам дагы 2 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
“Бүгүнкү күндө таажывирусунан каза болгондордун саны 4кө жетти. Өткөн суткада таажывирустан 2 бейтап көз жумду” – деп билдирди Сабиржан Абдикаримов.
“Бүгүнкү күндө 202 адам ооруканада жатат. Анын ичинен 5 бейтаптын абалы туруктуу оор боюнча. Анын экөөсү жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган, үчөө болсо, кычкылтек менен дем алып жатат” – деп кошумчалады министр.
Республикалык штабдан билдиришкендей, таажывирусунан улам каза болгон 2 учур Ош облусунда катталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ