Кечээ, 5-апрелде Санкт-Петербургда эркек киши бычак менен Кыргызстандык аялга кол салган. Бул тууралуу аталган шаардын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жекшемби күнү, 5-апрелде, Галерная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде аялга чоогу жашаган эркек киши бычак сайган.
Милиция кызматкерлери кылмышкерди кармап, милиция бөлүмүнө алып барышкан.
Жараат алган кыргызстандык аял орточо оор абалда ооруканага жаткырылган.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ