Menu

Сабиржан Абдикаримов: “Жалал-Абад облусунда адамдар түндөсү бири-биринин үйлөрүнө кирип-чыгып жатышат, ошондуктан таажывирусу жугуп жатат”

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунда адамдар түндөсү бири-биринин үйлөрүнө кирип-чыгып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

“Бир үйдөн экинчи үйгө, экинчи үйдөн үчүнчү үйгө барып, бири-бири менен байланышта болуп жатышат. Байланышта болгон адамдардын арасынан оорунун козгогучтарын таап жатабыз. Ошондуктан, дагы бир жолу чакырып кетер элем, өз үйүңүздөрдө отуруп турсаңыздар, муну менен өзүңөрдүн коопсуздугуңарды камсыз кылар элеңер” – деп билдирди министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 216 адамдан таажывирусу аныкталган. Жалал-Абад облусу боюнча 80 адамдан таажывирусун жуктуруп алган. 216 адамдын ичинен 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, анын экөөсү жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. Жалпысынан 33 адам айыгып, 4 жаран оорудан улам көз жумган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: