Menu

Фото – ИИМ: Нарын облусунда 12 санитардык-карантиндик, 77 фильтрациялык посттор менен мобилдик топтор уюштурулду

Бөлүшүү:

Өзгөчө кырдаалдын алкагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Нарын облусунун ИИБдин өздүк курамы тартылып, күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө. Кызматкерлер фильтрациялык, сантитардык – карантин посторунда, шаар жана айыл аймактарында кызматтарын өтөөдө. Облустун жалпы аймагында дизинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөөлөр киргизилген.
Азыркы учурда Нарын облусунун аймагында 12 санитардык-карантиндик посттор коюлган, алар Нарын шаарында -3, Нарын районунда-2, Ат-Башы районунда-3, Ак-Талаа районунда-1, Кочкор районунда-1, Жумгал районунда -2, бул жерлерде күнү-түнү ички иштер органдарынын, саламаттыкты сактоо министрлигинин, ӨКМдин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышын алдын алууга багытталган бирдиктүү иштерди алып барышууда. Калктын коопсуздугун камсыздоо жана аталган илдеттин массалык түрдө жайылышын болтурбоо максатында ыкчам чаралар көрүлүүдө.

Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте 77 фильтрациялык посттор менен мобилдик топторду уюштурушкан.
Мобилдик топтор фильтрациялык посттордо Нарын шаарынын көчөлөрүндө, райондордун борборлорунда жана башка калк жыш жайгашкан жерлерде үндү катуу чыгаруучу түзүлүштөр менен коронавирус илдетинин жайылышын алдын алууга жана жайылуу коркунучуна байланыштуу коопсуздук чараларын аткаруунун зарылдыгы жөнүндө калкка маалымдоо беришип, элге зарыл болбогон учурда көчөгө чыкпоого, калк жыш жайгашкан жерлерге барбоого жана коргоочу бет каптарды кийүү менен аралыкты сактоого үндөп, түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.

     

     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: